Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 25.09.2018 11:02 На русском

Нарын шаарынын 150 жылдыгы: Эмгек-талаалык тургун аламан байгеге сайылган «Жигулинин» ээси болду (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнө караштуу «Кур-Терек» ат майданында ат оюндарында аламан байгеден биринчи келген күлүк ээсине автоунаа жеңип берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрь күнү «Кур-Терек» ат майданында ат оюндары Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Анда көк бөрү, аламан, тай жана кунан чабыш, эр эңиш улуттук оюндары болуп өттү. Ат оюндарына Нарын шаардык мэриясы тарабынан 200 миң сом байге каралып, демөөрчүлөр тарабынан ВАЗ-2107 «Жигули» үлгүсүндөгү эки унаа коюлган. Автоунаалардын бири көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрүнө каралса, ал эми экинчи автоунаа аламан байгеге сайылган.

Аламан байгеге жалпысынан 10 күлүк ат салышып, 25 чакырымга чуркашты. Жыйынтыгынды 10 күлүктүн ичинен Эмгек-Талаа айылынан Турсунаалы Мамбетаитовдун күлүгү баш байгеге коюлган автоунааны жеӊип алды. Экинчи орунду ушул эле саяпкердин дагы бир күлүгү камсыздап, 50 миӊ сомдук сыйлыкка арзыды. Ал эми үчүнчү орунга Казан-Куйган айылынан Корчубек Конокбаевдин кунаны татыктуу болуп, 30 миӊ сомдук байгени жеӊип алды.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн ат оюндары Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×