Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 25.09.2018 09:16

Акылбек Мусабаев №8 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Акылбек Мусабаев Сүйүнбаевич Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Нарын районундагы №8 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды.

А.Мусабаев 1984-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылында төрөлгөн. Кайыңды-Булак орто мектебинде окуп, М.Барашов атындагы №40 кесиптик лицейин бүтүргөн. Бишкек шаарындагы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Транспорт жана коммуникация институтунан көтөрүп ташуучу, куруучу, жол машинелери жана жабдыктары атуу адистигине ээ болгон. Андан кийин жол катнашынын инженери кесибин алган.

2007-2014-жылдары жогорку окуу жайда окутуучу, кафедра башчысынын орун басары болуп эмгектенген. 2014-жылдан тартып Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинде адис, башкы адис, бөлүм башчы болуп эмгек өтөгөн.

Жол чарба департаментинин ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×