Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 25.09.2018 09:12

Нарындын Миң-Булак жана Күйбышев айылдарынын ортосундагы жол асфальтталып жатат (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө жол оңдоо, асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Казыбек Усупов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айыл ичиндеги жолдор асфальтталган болчу. Быйыл мамлекеттик бюджеттен 5 млн сом бөлүнүп, Миң-Булак жана Күйбышев айылдарынын ортосундагы 1 чакырым жолго асфальт төшөлүп жатат.

«Биздин айылдын жолу 2015-2016-жылдары мамлекеттик бюджетке кирип, буга чейин 7 км жол бүткөн. Бүтпөй калган жол боюнча кайрылуу жазганбыз. Дагы Миң-Булакка чейинки 3 чакырым жол оңдоло элек. Аны оңдоого эмдиги жылы кошумча каражат бөлүүнү убадалашты. Жолду оңдоого 5 млн сомдун тегерегиндеги акча каралган. Райондук жол тейлөө ишканасы, инженерлер, айыл өкмөттүн депутаттары, айтор баарыбыз көзөмөлдөп жатабыз. Себеби жол сапаттуу жасалышы керек. Жолду жасап жаткан фирма 8-октябрга чейин толук бүтүрүп, өткөрүп берерин айтышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×