Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 24.09.2018 18:05 На русском

Сүрөт — Жол курган кытай компаниясынын унаасы тосмону сүзүп, айдоочусу каза болду

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусунда «Пикап» үлгүсүндөгү автоунаа катышкан жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 21-сентябрь күнү болжол менен саат 09:30да Нарын районуна караштуу Кызыл-Бел участкасында, тактап айтканда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 365-чакырымында 1969-жылы туулган Ж.Ж. аттуу кишинин башкаруусундагы «Пикап» үлгүсүндөгү автоунаа жол четиндеги тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу катуу жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок ал ооруканада эсине келбей каза болгон. Маркум кечээ, 23-сентябрда өзү туулуп-өскөн Миң-Булак айылында жерге берилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 1969-жылы туулган Ж.Ж. жол курган «К.С» кытай компаниясында айдоочу болуп иштеп жаткан. Ал окуя болгон күнү аталган компанияга тиешелүү унааны айдап кеткен.

Учурда бул аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×