Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 24.09.2018 09:56

Нарын районундагы ат оюндарында 70 милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 150 жылдык маарекесине карата Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнө караштуу «Кур-Терек» ат майданында өткөн ат оюндарында 70 милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын РИИБдин башчысы Талант Секебаев билдирди.

Буга чейин Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы 21-22-сентябрь күндөрү Нарын шаарынын 150 жылдык майрамына карата Нарын облусунун аймагында коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында КРдин өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш планынын жана ИИМдин, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын буйруктарынын негизинде 325 кызматкер, 25 автоунаа тартылып, алар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөрү тууралуу билдирген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×