Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 24.09.2018 09:27

Кара-Кужур айыл аймагындагы ар бир үйгө суу киргизилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Кара-Кужур айыл аймагында таза суу көйгөйү көптөн бери чечилбей келген. Эми мамлекет тарабынан 18 млн 555 миң сом акча каражаты бөлүнүп, элдин мүдөөсү аткарылып отурат.

Райондук мамадминистрациядан билдиришкендей, аталган каражатка айылдын үч көчөсүнө полиэтилен түтүктөрү коюлуп, 175 түтүн элдин үйлөрүнө суу киргизилди. Мындан сырткары эки резервуар оңдоо-түзөөдөн өткөрүлдү. Анын ар бирине 500 кубдан 1000 кубга чейин суу топтолот. Бул болсо суу запасын 7 күндөн 10 күнгө чейин сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жакында эле Лахол айылында Жогорку Кеңештин депутаты, облустук, райондук мекемелеринин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышкан жыйын өтүп, таза суунун кызыл тасма кесилди. Анда облус жетекчиси Аманбай Кайыпов жана Нарын районунун акими Семетей Черикбаев куттуктоо сөз сүйлөшүп, курулушчуларга ыраазычылыктарын билдиришти.







Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×