Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 24.09.2018 08:07 На русском

Нарында көк бөрүчүлөрдүн 8 командасы беттешип, автоунаанын ээси аныкталды (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Кур-Терек ат майданында көк бөрү мелдеши өткөрүлүп, анда аймактардан келген 8 команда күч сынашты. Көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан мелдештин финалына Эмгек-Талаа айылынын жана «Долон» командалары жолдомо алышкан.

Чечүүчү мелдеш эмгек-талаалыктардын пайдасына 2:0 эсебинде аяктады. Жыйынтыгында 1-орунга чыккан Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын командасы «Жигули» автоунаасы менен сыйланса, 2-орундагы «Долон» командасы 25 миң сом акчалай байге алышты. Ал эми 3-орунга «Тынымсеит» командасы чыгып, 20 миң сом, 4-орундагы «Жумгал» командасына 10 миң сом акчалай байге берилди.

Ошондой эле Эмгек-Талаанын оюнчуларына уюштуруучулар тарабынан мелдештин кубогу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×