Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 22.09.2018 10:50

Нарындын Ак-Булуң айылына таза суу чыгарылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-булуң айылынын элинин көптөн күткөн тилеги орундалып, таза суу маселеси чечилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттүн башчысы Азамат Мүсүрканов билдирди.

Анын айтымында, айылдыктар буга чейин таза сууну ташып ичип келишкен.

«Жакында кайрымдуулук фонд тарабынан таза суу чыгарылып, 650 метр аралыкка суу түтүгү тартылып, 4 суу чорголору орнотулуп ишке берилди. Аны ишке берүү аземи өтүп, айыл тургундары үчүн жасалган кайрымдуулук иштери үчүн фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылык айтылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×