Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 20.09.2018 14:39

Нарын районунда сүт иштетүүчү цех пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн Лахол айылында 1 млн сомдон ашык каражатка сүт иштетүүчү цех ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 19-сентябрда өткөн ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты. Бул цех аталган программа тарабынан ачылып, сүт азыктарын чыгаруу менен бирге айыл элин жумуш менен камсыз кылат.

«БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 1 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп, цехтин жабдуулары алынган. Ошондой эле жумушка кабыл алынган тургундар атайын окуудан өтүшкөн», - деп билдиришти программанын өкүлдөрү.

Иш-чарада цехтен өндүрүлгөн сүт азыктарын сатуу үчүн атайын дүкөн ачыла турганы да белгилүү болду. Бул ишкана күнүгө 100 литрден 1000 литрге чейин сүттү кайра иштетет.

Маалымдама:

Кара-Кужур айыл өкмөтү эки айылдан турат. Алар — Лахол жана Жер-Көчкү. Айыл деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан жергиликтүү тургундар мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×