Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 20.09.2018 14:03 На русском

Нарын шаарынын 150 жылдыгы: Аламан байге менен көк бөрүнүн баш байгесине 2 унаа коюлат (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагындагы «Кур-Терек» ат майданында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган ат оюндары боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, ат оюндары 22-сентябрь күнү саат 10:00дө башталат. Анда тай, кунан чабыш менен бирге аламан байге, көк бөрү, кыз куумай, эр эңиш мелдештери өткөрүлөт. Аламан байге менен көк бөрүнүн жеңүүчүлөрүнө демөөрчүлөр тарабынан автоунаа тапшырылат. Мындан тышкары Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык кеңеши тарабынан 200 миң сом өлчөмүндө акчалар байгелер берилет.

Учурда ат майданы иретке келтирилип, даярдыктар көрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×