Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 20.09.2018 12:36 На русском

Айыл турмушу: 55 жаштагы А.Жумашев тал өспөгөн алыскы Кара-Кужурга күнөскана курду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Көчкү айылынын 55 жаштагы тургуну Айтбек Жумашев күнөскана курду. Аны менен аймактык кабарчы таанышкан.

Деңиз деңгээлинен 3 миң 400 метр бийиктикте турган Жер-Көчкү айылында жер-жемиш түгүл бак-дарактар дагы өспөйт. Айылдын негизги чарбачылыгы — мал.

«20 жылдан бери жеке ишкердик менен алектенип келем. Быйыл президентибиз Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу күнөскана курууну чечкем. Ага чейин күнөскана куруу боюнча ойлорум бар эле. Мындан улам бир аз каражат топтогом. Бирок акча каражатым толук жетпегендиктен өзүбүздүн банктардын биринен 650 миң сом насыя алып куруп баштагам. Айылда көп эле жаштар жумуш жок дейт, жок дегенде менден үлгү алып, ушундай күнөсканаларды куруп, оокаттарын кылышса жакшы болмок.

Буга чейин, тактап айтканда 15 жыл мурда биогаз жасагам, алардын көпчүлүгүн Нарында жана башка көп жерлерде колдонулуп келет. Күнөскананы курууну интернеттен, журнал-гезиттерден көрүп үйрөндүм. Аны сапаттуу куруу үчүн Россиянын курулуш каражаттарын колдондум. Жалпы миллион сомдон ашык каражат кетти. Азыркы учурда 90% иштери бүткөрүлдү, дагы бир аз акча каражаттары керек болууда. Буюрса бүтсө помидор менен бадыраң өстүрөм. Азырынча толук бүткөрүлбөгөндүктөн быйыл ашкабак, кулпунай жана жүзүм өстүрүп, эксперимент жасап көрдүм», - деди ал.

Кара-Кужурдагы тургундар айылда эч нерсе өспөгөндүктөн жашылчаларды Кочкор районунан алып келишет.

«Күнөскананы 2 жыл мурун изилдеп чыккам. Буга чейин айылда эч нерсе өспөгөндүктөн жер-жемиштерди Кочкор районунан алып келчүбүз. Эми буюрса күнөскана иштесе, айыл ичине сатам. Башка жер-жемиш өстүрүүнү каалагандар дагы күнөскана куруп, иштете баштайт деген үмүттөмүн. Буга чейин айылга суу кире элек болчу. Мындан улам жаандын суусун пайдаланууну ойлогом. Бирок быйыл айылга ар бир үйгө таза суу кирип, жумушумду жеңилдетти. Эми буюрса тамчылатма сугаруу системасын орнотом. Буга чейин күнөскананын жерин атайын текшерүүдөн өткөргөм. Помидор, бадыраң өстүрүүгө болот экен. Биздин айыл деңиз деңгээлинен бийик болгондуктан жылуулук системасын койдум.

Жергиликтүү бийлик мени колдоп, стимул берип жатышат. Кээ бирөөлөр "Аябай бийик жерде жашап, эч нерсе өспөгөн айылга жер-жемиш өстүрсөңүз ЮНЕСКОнун китебине киресиз" деп жатышат. Ал деле мага кереги жок», - деди ал.

А.Жумашев көп тармактарда иштеген. Ал учурда бир кыз, бир уулдун атасы.

А.Жумашевдин бул иши менен дубан башчы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жеринен таанышып, анын алкоого алышты жана ийгилик каалап өтүштү.

Маалымдама:

Жер-Көчкү Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Кара-Кулжа айыл округунун курамына кирет. Негизги тиричилиги – мал чарбачылык. Жер-Көчкү айылы деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан. Бир тарабында Ак-Таш жана Солтон-Сары алтын кендери болсо, 10 чакырым аралыкта Кум-Төр алтын кени жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×