Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 20.09.2018 08:38 На русском

Нарындын Кара-Кужур айылында ветеринардык тейлөө пункту ачылды (фото)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүндө ветеринардык пункт ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Ачылыш аземге жергиликтүү тургундар, айыл өкмөт башчылары, райондук мекемелердин жетекчилери, райондук, облустук бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаты катышты.

Ветеринардык пунктун курулушу Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин демилгеси менен ишке ашырылган. Ага АРИС долбоору тарабынан 400 миң сом, айыл өкмөт тарабынан 800 миң сом каражат жумшалды.

Мындан сырткары ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр да жүргүзүлөт. Буга чейин калкка ветеринардык кызмат көрсөтүү көйгөй болуп келген, эми ветеринардык кызматтардын баары бир жерден көрсөтүлөт. Учурда айыл өкмөттө мындан тышкары үч ветеринардык кызмат көрсөтүүчү пункт бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×