Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 19.09.2018 16:37 На русском

Жер-Көчкүдө ата-энесинен эрте ажыраган бир туугандарга жаңы курулган турак үйдүн ачкычы тапшырылды (сүрөт, видео)

Turmush -  Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Көчкү айылында ата-энесинен эрте ажыраган бир туугандарга жаңы курулган эки бөлмөлүү турак үйдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 19-сентябрда аталган турак үйдүн ачкычын тапшырууга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Буга чейин балдар жашап жаткан турак үйдүн эскилиги жетип, урайын деген абалга келген. Бул маселе боюнча тургундар Нарын районунун акимине кайрылып, жардам берүүнү өтүнүшкөн. Ушул жылдын май айында эски тамдын жанына эки бөлмөлүү жаңы турак үйдүн капсуласы район башчысынын катышуусунда салынып, курулуш иштери башталган эле.

«Балдардын ата-энеси мындан 4-5 жыл мурда оорудан улам 50 жаш курактарында каза болушкан. Биринчи атасы каза болсо, энеси жакшы жүрүп эле кан басымы көтөрүлүп кайтыш болгон. Балдар жетим калып, алар 80 жаштан өткөн чоң атасы менен жашап жатышкан. Бул балдарды чоң атасы пенсиясы менен багып келген. Чоң атасы дагы каза болгонуна 1 жылдай болду. Балдарга баш-көз болгон эч ким жок, кароосуз калышты.

Семетей Мырзабекович жаңы аким болуп дайындалып келгенде биздин айылдын эли менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда социалдык маселелер каралып, бул балдардын абалы кошо айтылган болчу. Ошентип үй салуу маселесин аким өз мойнуна алып, учурда курулуш иштерин бүткөрүп берди», - деди айыл өкмөт башчысы Курманбек Аалиев.

Ал эми район акими Семетей Черикбаев балдарга жер там куруп берүү үчүн демөөрчүлөрдү таап, курулуш иштерине 300-400 миң сомдук каражат сарпталгандыгын билдирди. Ошондой эле мындан тышкары дагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө үй курула турганын кошумчалады. Ал эми дубан башчысы А.Кайыпов балдарга 5 миң сом акчалай жардам берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×