Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 19.09.2018 09:25

Нарын районунда токой чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун токой чарба кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага райондо эмгектенген токой чарба кызматкерлери, ардагерлер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын токой чарбасынын директору Улан Шерипов жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Андан соң Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары Жаныш Ибраимакун уулу токой чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, токой чарбасын өнүктүрүүгө жана коомдук иштерге катышкан алдыңкы адамдарга ардак грамоталарды тапшырды.

Нарын токой чарбасы 139 миң га жерди ээлейт. Токой баскан аянт 32 миң га жана 4 токой бөлүмү иш алып барат. Жыл сайын 25 га экме токой отургузулат. 139 миң га жер карагай, жалпы 25 токойчу эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×