Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 18.09.2018 15:15 На русском

Нарын районунун тургундары Нарын—Орук-Там унаа жолу оңдолбой жатканына нааразы (видео)

Turmush -  Нарын районунун тургундары Нарын—Орук-Там унаа жолу түздөлүп, оңдолбой жатканына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жашоочулардын айтымында, аталган жол акыркы 3 айдан бери атайын техника менен түздөлгөн эмес.

«Жолду үч айда бир эмес, ай сайын тегиздеп турушса жакшы болмок. Унаа айдап бара жатканда шифердин үстүндө кеткендей эле болобуз. Буга чейин жол тейлөө ишканасына кайрылып, бирок эч майнап чыккан эмес. Жолдун начардыгынан унааларыбыз дагы талкаланып бүтмөй болду», - деди тургун Жамин Көлбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×