Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 17.09.2018 22:34

Нарындагы Каратал-Жапырык коругу Тоолуу Алтайдын биосфералык коругу менен кызматташат (сүрөт)

Turmush -  Нарындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу менен Орусиянын Тоолуу Алтай Республикасынын Катунь биосфералык коругу кызматташат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун директору Бакыт Чороев билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 5-12 сентябрь күндөрү Орусиянын Тоолуу Алтай Республикасынын Катунь биосфералык коругу тарабынан «Чек арасыз жаратылыш» аталышындагы форум өткөрүлгөн. Форумга Литва, Казакстан, Тажикистан, Кыргызстан, Белоруссия жана Орусиядагы корук, паркттарынын кызматкерлери тажрыйба алмашуу, кызматташуу максатында катышты.

«Аталган форумга Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу, Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу, Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коруктарынын директорлору жана Ысык-Көл облусунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин, Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фондусунун Кыргызстандагы өкүлү катышып келишти. Форумдун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтык келишим түзүлдү», - деди Бакыт Чороев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×