Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 14.09.2018 08:29

Казан-Куйгандагы жанга баткан суу көйгөйү (сүрөт)

Turmush -  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы өтүп, анда райондун калкын таза суу менен камсыздоого карата айыл өкмөттөр тарабынан аткарылган иштер боюнча маселе каралып, маалыматтар угулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коллегияда айыл аймактар боюнча таза суу менен камсыздоодогу кемчиликтер да айтылды. Айрыкча Казан-Куйган айыл өкмөтүндөгү таза сууга болгон кайдыгерлик катуу сынга кабылды.

Айылда жалпы 13 суу алуучу чорго болсо, анын сегизи иштебейт. Чорголордун айланасы иретке келтирилбегендиктен, суу түтүктөрү жарылып, люктарга суу толуп, айланасы сазга айланган. Жумушчулар эмгек акысын өз убагында албагандыктан, толук иш алып барууга мүмкүн болбой калган. Суу системасын оңдоого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акча каражаты каралган эмес. Мындай көрүнүштөн улам айылда таза суу көйгөйү курч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×