Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 13.09.2018 16:23 На русском

Нарында 18 жашка толгон жигиттер аскерге жөнөтүлүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаары жана Нарын району боюнча аскерге бара турчу жаш жигиттер медициналык кароодон өтүп, мекенге кызмат өтөөгө кетип жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык бириктирилген аскер комиссариатынын аскер комиссары Каныбеков Ашырбек билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгына, ошондой эле башкы штабдын башчысынын буйругуна ылайык, 1-сентябрдан тарта аскерге чакыруу башталды.

«Бүгүнкү күндө Нарын шаардык бириктирилген аскер комиссариаты Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы жашы 18ге толгон балдарды медициналык комиссиядан өткөрүп, аскердик бөлүктөргө толуктоого жиберип жатабыз. Буга чейин биздин чек ара кызматын толуктадык. Ата Мекенди коргойм деген жаштардын саны көп. Аскерге барбайм деп жашынган балдар жокко эсе. Биздин күзгү чакыруубуз сентябрь-октябрь айларында жүрөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×