Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 13.09.2018 16:18

Нарын районунда дан эгиндерин жыйноо иштери аяктап калды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун аймагында 37 комбайн менен күзгү дан эгиндери жыйналып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 20-августунан баштап дан эгиндерин жыйноого комбайндар тартылган.

«Дан эгиндерин жыйноо учурунда комбайндардын бир-экөөсү бузулуп, бирок аларды кайра оңдоодон өткөрүп жатышат. Район боюнча 5046 гектар жердеги дан эгиндерди чаба турган болсок, бүгүнкү күндө анын ичинен 1200 гектар жер чабыла элек. Калганы чабылып бүттү, ошондой эле 550 гектар жердеги чөп чабылды. Орто түшүмдүүлүк гектарына 21-22 центнерден айланды. Райондун Орток, Дөбөлү, Чет-Нура айылдарында түшүм жыйноо дээрлик бүтүп калды. Буюрса бир жума аралыгында оруп-жыйноо иштери бүткөрүлмөкчү», - деди район акими С.Черикбаев.

Райондо жалпы элүүдөй комбайн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×