Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 13.09.2018 13:03

Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болгон Анара Осмонова эмгек жамааты менен таанышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы болуп шайланган Анара Осмонова эмгек жамаатына тааныштырылып, кызматка киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Анара Осмонованы эмгек жамааты менен Нарын районунун акими Семетей Черикбаев тааныштырды.

Буга чейин Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Басылбеков өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.

Айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышып, Анара Осмонова жергиликтүү кеңештин 7 депутатынын колдоосуна ээ болгон. Ал ушул күнгө чейин Сарыбай уулу Керимбай атындагы орто мектебинин директору болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×