Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 13.09.2018 08:49

Нарында Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Нарын районунун активинин жыйыны өтүп, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон жана ага активдүү катышкан адамдарга сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Район башчысы Семетей Черикбаев райондун атынан барган катышуучуларга жетишкен ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдирүү менен байгелүү орундарга ээ болгондорго жана даярдык көрүүдө өз салымдарын кошкон адамдарга райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасын, ыраазычылык каттарын тапшырды.

Катышуучулар 9 байгеге ээ болушкан. Алардын төртөө 1-орун, бирөө 2-орун, төртөө 3-орунду ээлешкен.

Дөбөлү айылынын тургуну Аман Исмаилов салбурунда, кунан чабышта, аламан байгеде, Эмгек-Талаа айылынын тургуну Турсуналы Мамбетаитов эр эңиште, Шоро айылынын тургуну Конокбай Баркыжоков алтын медаль утса, саркеч кийим таймашында Шаменова Аида күмүш медаль, боз үй боюнча Жээнбек кызы Гүлзат, сүрөт боюнча Света Эсеналиева коло медалдын ээлери болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×