Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 09.05.2018 10:12 Жаңыланды: 22.09.2018 22:50

«Жеңеке»: Г.Сурапова кайын журту беш бармакка «чык» деп сураганда, эки жолу сыртка чыгып уят болгон (фото)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылынын 34 жаштагы тургуну, мугалим Гүлзар Сурапова 11-классты аяктап эле турмушка чыгып, кызыктуу эсте калган күндөрдү көп өткөргөн. Ал келиндик доорундагы башынан өткөргөн күлкүлүү окуяларын аймактык кабарчы менен бөлүшүп, кызыктуу маек курду.

Гүлзар жеңенин айтымында, жаңы келин болуп жолдошунун үйүнө келгенде тамак жасап, уй сааганды билчү эмес. Бул учурда кайненеси жана жолдошу чоң жардам берген.

«Өзүм үйдөн жалаң окуу деп, көп оокатты өз алдынча жасап көргөн эмесмин. Өзүмдүн апам жана бир туугандарым эле жасап, мен жардам гана берип койчумун. Биз жолдошум экөөбүз бир жылдай сүйлөштүк. Ата-энелерибиз жакшы тааныш болгондуктан, жолдошум тарап мага сөйкө салып, куда түшүп коюшкан. 11-классты аяктап, акыркы сынак болордо алып кетишкен.

Турмушка чыкканда тамак, оокат жасай албай, уйду дагы саай албай койгом. Бирок апам (кайненеси) мага өз энемдей мамиле жасап, тамак жасоону, жада калса кол өнөрчүлүктү үйрөттү. Ал эми жолдошум башында уйду өзү саап берчү. Мен чаканы уйдун жанына чейин көтөрүп барчумун. Андан соң, жолдошум Турарбек уйду саап берчү, мен болсо бетимди кызартып, чаканы үйгө көтөрүп кетчүмүн.

Мени "жаш кыз, эч нерсени биле элек, жаман көрбөй тескерисинче өзүбүз үйрөтүп алышыбыз керек" деп апам менен үй-бүлөм болгон жардамын, тарбиясын беришти. Мен ар дайым ыраазы болуп келем. Эми апамдын мыкты келини, жолдошумдун жароокер жубайы болууга аракетимди жасап келе жатам», - деди ал.

Каарманыбыз мектепте жакшы окуп, англис тилине өтө кызыгып, чет өлкөдө окууну кыялданчу. Бирок, ал кыялы орундалбай калганына нааразы болбой, эми уулун чет өлкөдө окутуу үчүн болгон аракетин көрүп келүүдө.

«Мен Миң-Булак айылынан эле болом. Мектепте жакшы окуп, өзгөчө чет тилине кызыгып, өз алдынча дагы китептерден окуп, англис тилин эркин сүйлөчүмүн. Мектепти бүтүрүп, Америка өлкөсүнө барып окуп келсем деп кыялданчумун. Орто мектепти эле аяктап турмушка чыгып калдым. Апамдар (кайненеси) Нарын мамлекеттик университетинде информатика адистиги боюнча окутушту. Бирок мен бул алган билимиме өкүнбөйм. Анткени учурда ал окуган адистигим боюнча айылыбыздагы А.Тыныбеков атындагы орто мектебинде балдарга билим берип эмгектенем. Ал эми орундалбай калган кыялымды аткаруу үчүн, 3-класста окуган Байэль аттуу уулумдун чет өлкөдө жакшы билим алып келишине болгон аракетимди жумшайм. Бул уулум дагы англис тилин өтө кызыгуу менен окуйт. Азыр эркин сүйлөп калды. Мектепке чет элден келген ыктыярчы баламдын англис тилин үйрөнүүсүнө өтө чоң жардамын берди. Кийин чет өлкөдө окуп келем деп аракет кылып жатат. Үйдөн мен дагы колумдан келишинче жардам берем. Буюрса уулум эң мыкты окуу жайдан окуп, билимдүү, патриот болуп, элине кызмат кылып, кыялымды орундатат деп ойлойм», - деди каарманыбыз.

Гүлзар жеңе жолдошу Турарбек Шоңкоев менен 17 жылдан бери бирге түтүн булатып, балдарына татыктуу тарбия берип келет. Ошондой эле ал мектепте окуучуларына билим берүү менен катар кол өнөрчүлүк менен дагы алектенет.

«Быйыл жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 17 жыл болот. Үч уулду болдук. Жолдошум Турарбек 2009-2012-жылдары Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенди. Бул жылдар аралыгындагы күжүрмөн эмгектин арты менен 2011-жылы "Мыкты айыл өкмөт башчысы" наамына ээ болгон. 2014-жылдан азыркы тапка чейин айыл өкмөттө катчы болуп иштеп келет. Мен жолдошумдан билбегенимди сурап, ар бир ишти кеңешип турам.

Бардык жумуштарга жетишүүгө аракет кылам. Эртең менен мектепке жумушка жөнөйм, андан кийин үйгө келип үй оокаттары менен алек болуп, кеч киргенде тамак жасап, сабактарга даярданып, андан соң кол өнөрчүлүк менен алектенем. Апам дагы бала кезинен уз-чебер, кол өнөрчүлүккө абдан кызыккан адам. Апам мага өзүнүн билгендерин үйрөттү. 100 баш боз үйдү, кийин 80 баш боз үйдү ички жана тышкы жасалгасы менен жасадык. 80 баш боз үйдү ар кандай фестивалдарда тигип турабыз. Апам буйрутма менен шырдак, бут кийим сүргүч, боз үйдүн жасалгаларын жасап сатат. Мен дагы дайыма жардамдашып турам. Андан сырткары гүл өстүрүп, тамакты түрлөп жасоого абдан кызыгам», - деди ал.

Гүлзар Сурапова жаңы келиндик кызматка киришкен учурда кызыктуу окуяларга кантип туш болгонун айтып берди.

«Жаңы келгенде кызыктуу күндөр көп болгон. Бир жолу той болуп жаткан. Эт бышып, конокторго берилген. Конок бөлмөгө кирип барсам эле, ал жердегилер "чык" деп мени карап калышты. Мен чыгып кеттим. Бир аздан кийин кайра кирдим. Кайра эле мени карап "Гүлзар, чык" деп калышты. Мен кайра сыртка чыгып кеттим. "Эмне эле чык деп жатышат?" деп жаман болуп, ашканага барып оокат кылып жаткан жеңелериме айтсам, баары күлүштү. "Чык — беш бармакка кошулган шорпо. Сени чык алып кел деген турбайбы" деп көпкө күлүштү.

Биринчи уулумду төрөгөндө дагы баланы бага албай кыйналгам. Түнкүсүн баланын ыйлаганын сезбей уктап калчумун. Апам мага боору ооруп, 1 ай бою балам экөөбүздү жанына алып жаткан. Түнкүсүн бала ойгонгондо карап чыкчу», - деди мугалим Гүлзар жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×