Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Нарын облусуНарын району 12.02.2018 11:17

Айыл турмушу: Азоо аттарды үйрөткөн каскадёр Сыймык өзүнүн тор кашкасы менен ар түрдүү трюктарды жасайт (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылынын 18 жаштагы тургуну Эркинбек уулу Сыймык келечекте атагы чыккан каскадёр болууну көздөйт. Тубаса өнөрдүн ээси бала кезинен ат жалында ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Эс тарткандан баштап эле ат минип чоӊойдук. Азоо аттарды 5-классымдан тартып минип баштадым. Айылдагы эч кимге көнбөй кутурган азоо аттардын баарын мен үйрөттүм. Кээ бирөөлөр өзүӊдүн жеке сырыӊ барбы дешет. Менде андай деле сыр жок. Болгону бала кезимден ат жандыгын жакшы көрөм жана сыйлайм. Ушул багытта каскадёр болууну көздөдүм. Өз ишиме берилгеним үчүн кандай гана азоо жылкы болбосун тез эле үйрөтүп алганым ошондон болсо керек. Азыркы тор кашка атымды 8-класстан бери минип келе жатам. Өзүм аны менен ар кандай трюктарды жасап жатып көндүрүп алдым. Мисалы сиздер көргөн видеодогу ат менен тормоз тээп, андан соң жерге кулоону башка атка дароо жасоого болбойт. Көндүрүш керек.

Азоо аттарды үйрөтүп жатканда ар кандай кызыктуу окуяларга туш келесиӊ. Кээде жибинен бошонуп, ай талааны аралап чуркайт. Артынан кубалап жетебиз. Бир жолу бир айгырды үйрөтүп жатсам, экинчи айгыр кайдан пайда болду билбейм, экөө тиреше кетип ортосунда калгам. Кыргыздын ар бир мырзасы ат жалында ойноого тийиш деп ойлойм», - деди элеттик каскадёр.

Ал 2000-жылы 12-октябрда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×