Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Айыл турмушу: Кыргыз тилчи Гүлжамал айым үлгүлүү окуучулары менен сыймыктанат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районундагы Миӊ-Булак айылынын 41 жаштагы тургуну Жаныш кызы Гүлжамал 17 жыл билим берүү тармагында эмгектенип, бир топ ийгиликтерге жетишти. Ал айылдын аялдар кеӊешинин төрайымы жана айылдык кеӊештин депутаты болуп да эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ардактуу мугалимдин эӊ үлгүлүү классы катары 2016-жылкы бүтүрүүчүлөр эсинде калган.

«Бул окуучуларым менин эсимде өмүр бою жакшы жагы менен калат деп ойлойм. Себеби, класс жетекчи катары бир да жолу тартип бузуп же окуудан жетишпей мени жер каратышкан жок. Дайыма мактоонун үстүндө болдум. Билим сапаты да мектеп боюнча алдыда эле. Кол жазмалары бирдей, сулуу болуп, көргөндөр суктанар эле», - деди ал.

Жаныш кызы Гүлжамал алгач медицина тармагын аяктап, андан соӊ филологияны окуп бүткөн.

«1994-жылы Боогачы атындагы орто мектебин аяктап, ушул эле жылы Нарын медициналык окуу жайынын эмчи айым бөлүмүнө кирип, аны 1996-жылы ийгиликтүү аяктагам. Андан соң, Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, 2001-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрдүм.

Эмгек жолумду 2001-жылдын 1-сентябрынан баштап Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими болуу менен баштадым. Бүгүнкү күнгө чейин ушул жерде иштеп, балдарга билим-тарбия берип келе жатам. Ушул 17 жыл ичинде көптөгөн окуучуларды уядан учурдум. Бир канча окуучуларды райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга катыштырып, алар алдыңкы байгелүү орундарга ээ болушту», - деди ал.

Мугалим үзүрлүү эмгеги менен бир топ сыйлыктарга татыды.

«Мугалимдер арасындагы бир нече сынактардын жеңүүчүсү болдум. Маселен, 2006-жылы жаш мугалимдердин райондук сынагында "Дилгир мугалим" баш байгесин ээлеп, 2009-жылы "Жыл мугалими" сынагында 1-орунга татыдым. Бүгүнкү күнгө чейин мектеп администрациясынын, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн, Нарын облустук билим берүү округунун бир нече грамоталары жана Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйландым.

Райондук жана облустук деңгээлде бир канча үлгүлүү, интерактивдүү сабактарды өтүп, тажрыйбамды жайылтып келем. Бир топ сабактарым гезитке жарыяланды. Мындан сырткары өзүм жашаган Миӊ-Булак айыл аймагынын аялдар кеӊешинин төрайымы жана айылдык кеңештин депутатымын», - деди ал.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын апасы.

«Менин мындай ийгиликтерге жетишиме албетте, өмүрлүк жубайымдын колдоосу чоӊ. Жолдошум Куталиев Төрөбек учурда мен иштеген Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин директору. Жолдошум экөөбүз 4-курсумда дос кызым аркылуу таанышып, 1 жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга быйыл 18 жыл болду. 2 уул жана 2 кызды өстүрүп, тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Жаныш кызы Гүлжамал Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1977-жылы 12-ноябрда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1321
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×