Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 09.02.2018 11:21

Мекендештер: Нарындык К.Алтымышова Гуанчжоуда бекер билим алууда (фото)

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылынын 21 жаштагы тургуну Калия Алтымышова Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы университетте бекер билим алууда. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кытайга 2 ай мурун барган.

«Кытайга келем деп эч качан ойлогон эмесмин. Ата-энем дайыма колдоп турушат, тил үйрөн деп кичинекей кезимден бери айтып келишет. Адистигим — кытай тилинин лингвисти. Азыр Түштүк Кытай педагогикалык университетинде окуп жатам. Гуанчжоудогу жакшы университеттеринин бири, кампусу чоң. Ар бир факультеттин өзүнө ылайыкталган окуу бөлүмү бар. Биздин университетте 30га жакын кыргыздар окуйт. Окуусу Кыргызстандыкына салыштырганда оор, сынактар татаал. Жакында Хэнань провинциясына 3 күнгө саякаттап келдик. Болгон чыгымды толугу менен университет каржылады. Кытайда узундугу боюнча 2-орундагы Хуанхэ дарыясын, белгилүү Шаолинь храмын, Лонг Мын үңкүрүн көрдүк», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Кытайда накталай акча көтөрүп жүргөндөр аз экендигин кошумчалады.

«Кытайлардын көпчүлүгү жанына накталай акча алышпайт. Анткени баардыгы интернет аркылуу төлөм жүргүзүшөт», - деди ал.

Студент үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×