Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Нарын

Нарын районунда 12 бала асырап алууга берилген

Turmush -  Нарын райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан акыркы жылдары 12 бала соттун чечими менен асырап алууга берилген. Бул тууралуу аталган башкармалыктын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Гүлмира Исраилова билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын бөлүм тарабынан кызматкерлер жер-жерлерде болуп, эне жана балдарды коргоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет.

«Камкордукка муктаж балдар аныкталса тиешелүү документтер даярдалып, чечим чыгаруу үчүн сот органдарына берилип турат. Ошонун негизинде иш алып барабыз. Мында 27 бала аныкталып, соттун чечими менен камкордукка берилди. Алар үч жыл бою көзөмөлгө алынып турат. Эгерде мыйзамда каралган талаптар аткарылбаса кайра алынат. Балдар 18 жашка чейин көзөмөлгө алынып, андан кийин окуу жайлардан окуусун улантышат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1113
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×