Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Тарых инсаны: Согушка кетип дайынсыз жоголгон Т.Мусаевдин сөөгү коюлган жер белгилүү болду (видео, фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында 1921-жылы туулган Турдаалы Мусаев 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. Анын инисинин уулу Улан Мусаевдин айтымында, согуштан кийин өлүү же тирүүсү билинбей кеткен чоң атасынын дайынын 2017-жылдын күз айларында интернеттен издеп жүрүп таап алган.

«Турдаалы атамдан акыркы кат согуш бүтөргө 3 ай калганда келген экен, тилекке каршы ал каты дагы биздин колубузда жок. Акыркы катында “Калининград облусундамын, чоң согушка киргени жатабыз” деп кат жазган экен. Ошол боюнча атабыздын өлүү же тирүүсүн билбей калышыптыр, кара кагаз дагы келген эмес. Анын ата-энеси, бир тууган инилери балким келип калар деп көпкө күтүшүп, алар дагы бул дүйнө менен кош айтышып кете беришти. Учурда Турдаалы чоң атамдын жалгыз иниси Калый атабыз дагы 92 жашка келди. Ушул күнгө чейин агасы келип калар деп күтүп жүрөт. 2017-жылдын күз айларында Турдаалы атабыз тууралуу интернеттен карап жатып, анын 1945-жылдын 22-январында Калининград облусунда каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлгандыгы жөнүндө маалымат таап алдым», - деди Улан Мусаев.

Учурда 92 жашка келип калган Калый Мусаев агасынын согушка кеткен учуру көз алдында экенин жана ал ыр жазуу менен алектенгенин билдирди.

«Агам ыр курап, ырдаганга шыктуу эле. Мындан 76 жыл мурунку оор күндөрдү эч качан унутпайм. Миллиондогон өмүрлөрдү алган Улуу Ата Мекендик согушка бир тууган агам кеткенден кийин бардык түйшүк менин мойнума түштү. Кийин тынчтык орноп, кызыл туу желбирегени менен агам кайтып келген жок», - деди ал.

Ал эми Нарын шаардык аскер комиссариатынын кызматкери Жолдошбек Исагалиев Нарын шаардык аскердик архивинде мындан 77 жыл мурда согушка Нарын районунан аттанган 5382 жоокердин тизмеси жана алардын арасында Турдаалы Мусаев дагы бар экендигин билдирди.

«Биздин аскердик архивде 5382 жоокерлердин тизмеси катталган, алардын ичинен согуштан 2316 адамы кайтып келсе, 3 миңден ашууну согуш талааларында курман болушкан. Ошондой эле Турдаалы Мусаевдей дайынсыз жоголгондор да бар. Азыркы учурда Улуу Ата Мекендик согушка кетип, дайынсыз болгондор боюнча эл аралык издөө уюмдары тарабынан табуу оңой болуп калды», - деди Ж.Исагалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×