Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатындагы алгачкы беттештердин жыйынтыгы (видео)

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы спорт сарайында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи күнүндө командалар 4 оюн өткөрүштү. Мелдешке аймактык кабарчы да күбө болгон.

Ат-Башынын командасы менен Чолпон-Ата шаарынын командасынын ортосундагы беттешүү чолпон-аталыктардын пайдасына 4:10 эсебинде аяктады. Ошондой эле, Нарын районунун Кеңеш айылынын командасы Жумгал районунун командасын 9:1 эсебинде утуп алышты. Ал эми, «Ала-Тоо» командасы Чолпон-Ата шаарынын командасын 11:1 эсебинде жеңилүүгө аргасыз кылышкан. Бишкектин «Кыргыз темир жолу» командасы Жумгалдын «Нур-Аке» командасына 4:2 эсеби менен жеңилүү ызасын тарттырышты.

Бүгүн, 3-ферралда «Ала-Тоо» менен «Чолпон Ата», «Кыргыз темир жолу» менен «Нур-Аке» командаларынын ортосунда беттешүүлөр болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1677
×