Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Жеңеке: Нарындык 29 жаштагы Гүлина жаңы келин болуп келгенде кайнагасынын жүрөгүн түшүргөн (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Ийри-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну Гүлина Шамырова айылдын алдыңкы келиндеринин бири. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 18 жашында Мирлан Капысовго турмушка чыккан.

«Мен 2007-жылы мектепти аяктап, Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшыргам. Студент болуп жүргөндө жолдошум мени көрүп жактырып калыптыр. Кураторум аркылуу ата-энемди сураштырып, билип алган экен. Кийин үйгө келип, кол менен алып кетишкен. Турмушка чыкканда шартка байланыштуу окуумду уланта албай калдым.

Жолдошум Капысов Мирлан 1982-жылы Нарын районунун Чет-Нура айылында төрөлгөн. Нарын мамлекеттик университетинде чет тил факультетинде окуган. Учурда айылда англис тили сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Жашообузда көп кыйынчылыктар болду, жагымдуу күндөр да болбой койгон жок. Бардыгын бирге бири-бирибизди түшүнүү менен жеңип келе жатабыз», - деди Гүлина Шамырова.

Ал жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Жаңы келин болуп барганыма бир ай болуп калган эле. Тамдын бурчунда жолдошум келе жатканын көрүп, мен жашынып калдым. Жеткенде "баа" деп чыга калсам кайнагам туруптур, уялганымдан үйгө чуркап кирип кеттим. Ал эми кайнагам жүрөгү түшүп, "ой" деген бойдон калган. Мен көпкө чейин абдан ыңгайсыз абалда жүрдүм. Көрсө жолдошум келе жатып, башка жакка бурулуп кеткен экен. Жолдошум экөөбүз урушуп калганда кайненем мага болушуп, дайыма мен тарапта болот. Көп нерсени үйрөттү, ыраазычылыгымды айткым келет. Жаш кезимде эле келин болуп келгендиктен кетирген каталарыма көңүл бурбай, жанына отургузуп алып түшүндүрүп, көптү үйрөттү. Кайненемдин арты менен айылдагы алдыңкы келиндердин катарын толуктадым.

Айылда бош убакыт аз, короодо мал кармайбыз. Эшикке чыгып жолдошума жардам берем. Түймө түйөм, ырдаганды жакшы көрөм, сүрөт да тартам. Ошол талантымды кайненем баалап, сырттан окуу бөлүмүндө жогорку блим алууну сунуштады. Келечекте чийүү сабагынан мугалим болсом дейм. Ошондой эле, балдарыма татыктуу тарбия берип, үлгүлүү ата-эне болсок деп тилек кылам», - дейт ал.

Гүлина Шамырова 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10624
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×