Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 31.01.2018 08:45

Нарында өткөн жылы 249 адам эмдөөдөн баш тарткан

Turmush -  Нарын облусунда өткөн жылы 249 адам эмдөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу райондук сапэпидкөзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Гүлай Дулатова билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда балдардын, өспүрүмдөрдүн, чоң адамдардын арасында жугуштуу кызамык, кызылча, көк жөтөл ооруларына каршы эмдөө иштери жүргүзүлүп келет.

«Ар кандай себептер менен 249 адам жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан. Райондор боюнча алганда Ак-Талаада – 25, Ат-Башыда – 35, Жумгалда – 68, Кочкордо – 12, Нарын районунда – 19, Нарын шаарында – 90 адамды түзгөн. Биздин милдет эмдөөдөн өткөрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ал эми эмдөөдөн өтпөгөн адамдарга чара көрө албайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×