Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Нарын

Нарындын Чет-Нура айылындагы 20 үй-бүлө таза суу менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айылындагы 20дай үй-бүлө жашаган көчөгө 200 метр суу түтүктөрү орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Демилгечи Бахтияр Мамиевдин айтымында, суу түтүктөр 1,5 метр тереңдиктеги жерге орнотулган.

«Бул айылга буга чейин таза суу киргизилген. Бирок ушул көчөнүн жашоочулары акысын төлөй албай калганы үчүн суу киргизилбей калган. Колунда жок үй-бүлөлөр сууну башка көчөлөрдөн ташып ичишчү. Эми алардын көчөсүнө суу келип, үйлөрүнө чейин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди ал.

Мындан сырткары, ушул эле көчөдөгү муктаж 17 үй-бүлөгө 350 килограммдан көмүр таратылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1340
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×