Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Жеңеке: Нарындык 39 жаштагы Г.Усупова жолдошуна 8 кыз төрөп берип, баатыр эне аталды (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын районунун Ак-Булуң айылынын 39 жаштагы тургуну Гүлжан Усупова. Ал айылдашы Бакытбек Назарбаевге турмушка чыгып, 8 кыздуу болушкан. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын шаарында 1979-жылы төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Ак-Булуң айылына көчүп келишкен.

«Ак-Булуң айылына көчүп келгенде Бакытбекке (жолдошу) кошуна болуп жашап калдык. Бир аз убакыттан кийин алар айылдын ортосуна көчүп кетишти. Кийин ал мени жактырып жүргөндүгүн айтып, мага баш кошууну сунуштады.

Кайын атамдар ал убакта тоодо турушчу. Алар тоодо болгондуктан кайнилеримди биз карап, окутуп жүрдүк. Жаңы келин болуп келгенде улуу кайнагама жүгүнсөм, ал «рахмат» деп, мага кошо жүгүнүп, баарын күлдүргөн эле. Көрсө мен жаңы келин болуп келгенде аябай сүрдөгөн экен», - дейт Г.Усупова.

Учурда ал кол өнөрчүлүк менен алектенип, айылда буйрутма алып иштесе, жолдошу акыркы 3 жылдан бери мал багат.

«Мен бала кезимде эле кол өнөрчүлүккө кызыкчумун. Келин болгондон баштап элден буйрутма алып, чыптама, костюм, курак, кийиз, шырдак, жер төшөктөрдү жасап, түймө, башмак, байпак жана топуларды түйөм. Кол өнөрчүлүктү өзүмдүн апам үйрөткөн. Жакында кыздарымдын себине шырдак шырып баштайм», - деди ал.

8 кызды тарбиялаган Гүлжан Усупова «Баатыр эне» наамына ээ болгон. Алардын улуу кызы Айзада 1995-жылы төрөлгөн. Ал Ысык-Көл облусуна келин болуп барды. Андан кийинки кызы Элзат 2000-жылы туулган, учурда Нарын шаарында педагогикалык окуу жайда окуйт. Ал эми Уулжан 10-класста окуса, андан кийинкилери — Бурулсун 2006-жылы, Нуриза 2008-жылы, Айжаркын 2010-жылы, Сезим 2013-жылы, Саида 2015-жылы төрөлгөн.

«Мен 7 бир тууганмын, алардын бешөө эркек, экөө кыз. Мен кыздарымды өтө жакшы көрөм. Кыздарым мен үчүн чоң бактым жана байлыгым. Уулдуу болууну дагы пландап жатабыз, ошондуктан кыргыздын ырым-жырымына ылайыктап эки кызыбыздын ысымын Бурулсун жана Уулжан деп атаганбыз», - деди жолдошу Б.Назарбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6501
×