Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Нарын облусуНарын району 29.01.2018 19:20 На русском

Эмне үчүн Куланактагы кесиптик лицейде сабак учурунда бир да окуучу жок? (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Жеңиш Арыпбеков атындагы №86 кесиптик лицейде учурда 6 тайпа бар. Бирок сабакта бир да окуучу жок болгон учурлар да болот.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 26-январда саат 10:00-11:00 чамасында кесиптик лицейдин абалын көрүү үчүн жергиликтүү журналисттер барышкан. Алар сабак учурунда кесиптик окуу жайдын имаратындагы бөлмөлөр бек турганын көрүшкөн.

Көп өтпөй өзүн лицейдин директорунун окуу иштери боюнча орун басарымын деп тааныштырган Рахат Калыков айылдагы жыйындардын бирине айыл өкмөттүн суранычы боюнча студенттерди жиберишкенин билдирген.

«Лицейде бүгүнкү күндө 110 окуучу, 6 тайпа бар. 3 жылдык тайпада фермерлик боюнча 1-2-3-курс, 10 айлык окуу курстарда ветеринар, тигүүчү жана ашпозчу боюнча тайпалар бар. Айыл өкмөт бүгүнкү жыйынга студенттердин катышуусун директордон сураптыр, мен макул болуп жибердим», - деди Р.Калыков.

Ошол учурда сабактардын тизмегинде өндүрүштүк практика болгонуна байланыштуу журналисттер өндүрүш сабагынын мугалими Журсунбек Осмоналиевге кайрылышкан. Ал дагы балдар үчүн айылда курулуп жаткан спорт аянчанын долбоорун талкуулаган жыйынга студенттер жөнөтүлгөнүн айтты.

«Бүгүн биздин айыл өкмөттө долбоор менен балдардын спорт аянтчасын бүткөрүү үчүн жыйын болуп, ага студенттер менен катышып, добушубузбу берип келдик. Бүгүн эки сааттык өндүрүш сабагын өтүп, практикасын өтүп, эки саатын бөлүүгө укугум бар. Балдардын келечеги үчүн уруксат берип, жыйынга барып келдик», - деди Ж.Осмоналиев.

Ал эми, кесиптик лицейдин директору Малик Шаршенбеков ошол күнү аз студент келгенине байланыштуу сабак өтүлбөй, студенттерди жыйынга жиберишкенин билдирди.

«Бүгүн мектептердеги окуучулар суукка байланыштуу убактылуу таратылгандыктан лицейдеги окуучулар аз болгонун мастерлер менен сүйлөшүп отурсам машыктыруучу бала келип калды. “Агай, айылдык жаштарды колдоо үчүн бир долбоор бар эле, добуш керек болуп жатат” деп келди. Мастерлерди чакырып, сабакка келген балдарды айылдын кызыкчылыгы үчүн добуш берүүгө уруксат берип жибергем.

Азыркы учурда жалпысынан 101 студент окуйт. Бүгүн эртең менен (26-январда) 47 бала сабакка келиптир. Алардын саны аз болуп, жалпы окуучулардын 50 пайызынан ашкан эмес. Ошол себептен студенттердин баарын жыйынга жиберүүнү чечтик», - деди М.Шаршенбеков.

Лицейден чыккан журналисттер айыл өкмөттүн имаратына барышкан. Учкун айыл аймагынын башчысы Касымакун Мамырбаев айыл өкмөттүн жыйындар залында долбоорлор менен иштөө маселеси каралып жатканын тастыктады. Бирок ага кесиптик лицейдеги студенттер чакырылбаганын, айыл тургундары гана чакырылганын билдирди.

«Учкун айыл өкмөтү пилоттук айыл өкмөт катары Швейцария өкмөтү каржылаган долбоорго киргенбиз. Андагы акыркы чакан гранттар боюнча чоң жыйын өтүп, жалпысынан эки айылдан 185 адам катышты.

Учкун жана Куланак айылдарынан көйгөйлүү болуп келген 5 долбоор сунуштадык. Алардын ичинен 2 долбоор Учкун айылындагы мектептин айланасын тосуу жана Куланак айылындагы бүтпөй турган спорттук аянтчаны бүткөрүү боюнча сунуштар болду. Жыйынга айылдын тургундарын, жаштарды чакырганбыз. Ал эми кесиптик лицейдин студенттери боюнча айта албайм. Биз чакырууну студенттерге, окуучуларга деп берген эмеспиз.

Жыйынга келгендердин арасында аксакалдар, жаштар, айыл тургундары, ар кандай мекемелердин жетекчилери бар. Окуу учурунда студенттерди чакырууга эч кандай укугубуз жок, чакырган эмеспиз.

Жыйынга кирген 185 адам каттоодон өткөн, алардын ичинде студенттердин тизмеси жок. Кирип карасаңыздар болот», - деди К.Мамырбаев.

№86 кесиптик лицей 392 балага ылайыкталган. 200 орундуу жатаканасында учурда 5-6 гана окуучу жашайт. Директордун айтымында, бюжеттик негизде окуган 100 баланын ар бирине ай сайын 800 сом стипендия которулуп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×