Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарын районунда 13 чакан ишкана ачылды

Turmush -  Нарын районунда жаңы 13 ишкана ачылды. Бул тууралуу акимдин биринчи орун басары Жанышбек Ибраимакун уулу билдирди.

Анын айтымында, ишканаларды курууга тартылган инвестиция 3 млн 620 миң сомду түзүп, 37 адам жумуш орундары менен камсыз болду.

«13 ишкананын жетөө өнөр жай, төртөө айыл чарба, бирөө тейлөө жана бирөө туризм багытында иш алып барат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 789
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×