Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Жеңеке: Жолдошун тиричиликке тыңдыгы менен сүйдүргөн Нурсулуу жеңе кой союп, чөп жыйганды да билет (фото)

Turmush -  Нарын районунун Ийри-Суу айылында жашаган 24 жаштагы Майрамбек кызы Нурсулуу жеңени жолдошу тиричиликке тыңдыгын байкап жактырып калган. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Нарын медициналык колледжинде окуп, 2016-жылы акушерлик кесипке ээ болуп чыккан. 2013-жылы өзүнүн 26 жаштагы айылдашы Муктар уулу Даниярга турмушка чыккан. Жолдошу Нарын мамлекеттик университетинин энергетика факультетин аяктады.

«Жолдошум менен телефон аркылуу таанышканбыз. Бир айылда жашагандыктан мени көптөн бери жактырып жүрчү экен. Өжөрлүгү менен мени өзүнө тартып, акырында жактырып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп калганбыз. Мен көчөнүн башында жашасам, ал аягында жашачу. Көрсө мени байкап жүрчү экен, оокатка тыңдыгымды баалаптыр. Телефон менен сүйлөшүп жүргөндө сүйүүсүн билдирген. Бирок үйлөнөрүнө ишенчү эмесмин, тамашалап жатат го деп ойлочумун. Акыры сөйкө салып келишкенде гана ишенгем. Алгач ата-энеси сөйкө салып, үйдөгүлөр менен макулдашып, август айында баш коштук. Мен Нарын шаарында окуп жүргөндө жолдошум өзүнүн кесиби боюнча 3 жыл иштеди. Азыркы учурда шартка байланыштуу айылдабыз. Жолдошум үйдүн кичүү баласы болгондуктан ата-энебиз менен чогуу турабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле үй тиричилиги жөнүндө сөз кылды.

«Жаңы келин болуп келгенде халатым өзүмдүн өлчөмүмдөн эки эсе чоң болуп, жүдөгөнүм эсимден кетпейт. Жолдошум тамашалап, менин жумуш кылганымды, оокатка тың экенимди көрүп жактырганын айтып калат. «Өзгөчө атка минип кой кайтарып, бээ сааганыңды көрүп сүйүп калгам» деп айта берет. Кичинекей кезимден бери ата-энем менен жайлоого барып жардам берип жүрүп, атка мингенди үйрөнгөм. Кой союп, устукандаганды жакшы билем. Кээде эч ким жокто койду өзүм эле союп, устукандап коем. Кайын атам дайыма ыраазычылыгын айтып келет. Кичинекей кезимде агаларым кой сойгондо шыйрак кармап берип жүрүп үйрөнүп алгам. Ушул убакка чейин 20дан ашык койду өзүм сойдум. Жайында кайын атам, жолдошум, мен болуп чөп жыябыз. Жолдошум экөө ыргытып беришсе, мен чөптү басып берем. Бош убактымда ат минип турам. Ошондой эле, кызыма бийлегенди, ырдаганды үйрөтөм.

Жолдошум мээримдүү ата, түшүнүктүү, ыймандуу жар. Балдарыма татыктуу тарбия берип, үлгүлүү жубай мээримдүү эне болуп, элге жардам берсем деген максатым бар», - деди Нурсулуу жеңе.

Жубайлар 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×