Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 27.01.2018 12:00 Жаңыланды: 27.01.2018 16:24

- 30 градус суук: Нарындын Төш-Булак айылындагы окуучулар мектепке баруу үчүн 7 чакырым жөө басышат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Төш-Булак айылындагы окуучулар мектепке баруу үчүн 7 чакырым жолду жөө басып өтүшөт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Төш-Булак чакан айыл болгондуктан анда 25 гана түтүн эл жашайт. Айылдагы мектеп башталгыч класстардын окуучулары үчүн гана болгондуктан, 5-класстан жогорку окуган 4 бала коңшу Ийри-Суу айылына барып келип билим алышат.

Төш-Булак айылынын тургуну Максатбек Моңолдоров балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын автоунаа сатып алууну демилгелегендигин, бирок андан жыйынтык чыкпагандыгын билдирди.

«Унаа сатып алып, күйүүчү майын бирге чыгарып, балдарды жеткирип туралы деген демилге көтөрдүк эле, тургундар колдобой коюшту. Айла жок, балдар мектепке жөө барып келип жатышат. Ат миңгизип коёлу десек, үшүп калышат. Андан көрө ойноп, кубалашып барышса кыймылга келип үшүбөй барышат», - деди М.Моңолдоров.

Ал эми Ийри-Суу айылындагы орто мектептин директору Канат Кылычбек уулу мекткепке коңшу 3 айылдан жалпысынан 62 бала келип билим аларын билдирди.

«Үч айылдын окуучулары биригип, ушул Ийри-Суудагы мектепке келип окушат. Төш-Булак айылынан жети чакырым аралыктан келишсе, экинчиси Ак-Булуң деген айылдан беш чакырым жолду жөө басып келип окушат. Жалпы эки айылдан 62 бала келет. Биз аларга транспорт маселесин чечип берүү үчүн айыл өкмөткө кайрылганбыз. Бирок айдоочулук штат болуш керек экен. Учурда дагы эле кайрылууну токтото элекпиз», - деди Канат Кылычбек уулу.

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин маалыматына караганда 27-29-январда Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суук болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×