Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Жан-Булак айыл өкмөтүндө жергиликтүү жамааттын жобосу кабыл алынды (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айыл өкмөтүндө жергиликтүү жамааттын жоболорун кабыл алуу боюнча курултай өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, курултайга жамааттардын атынан шайланган 120 делегат катышты. Анда жоболорду кабыл алууда долбоордун талабы боюнча 2 жаңы механизм киргизилиши керектиги белгиленди.

Алар:

- сөзсүз жергиликтүү жааматтан 4 категориядагы жарандар (аялдар, карылар, жаштар, ден соолугунан мүмкүчүлүгү чектелген адамдар) жергиликтүү маанидеги чоң маселелерди чечүүдө катышуусу боюнча атайын берене киргизилет;

- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын чогулуштарга катышууга мүмкүнчүлүгү жок болсо алардын көйгөйүн айыл өкмөт атайын сурамжылоо менен чогултуусу зарыл.

Натыйжада жергиликтүү өкмөт 4 категорянын өкүлдөрүнүн катышуусу жок жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча чечим кабыл алууга укугу жок боло турганы белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 759
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×