Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарын районунда социалдык фонд 2 адамга жалган документтер менен пенсия чектеген, - прокуратура

Turmush -  Нарын райондук социалдык фонд тарабынан эки адамга жалган документтердин негизинде пенсия чектелген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, 2018-жылдын январь айында Нарын райондук социалдык фонд башкармалыгы тарабынан 2 пенсионерге жалган документтердин негизинде пенсия чектелип, 461 миң 468 сом каражат мыйзамсыз төлөнгөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча 2 кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөргө берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1260
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×