Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 25.01.2018 08:57

Нарын районунда алыскы кыштоолордогу окуучулар мектепке атайын унаалар менен барууда

Turmush -  Нарын районунда айылдардан алыс кыштоолордо жайгашкан тургундардын жана малчылардын балдарын окутууга шарт түзүү максатында үч унаа бөлүнгөн. Бул тууралуу Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева билдирди.

Маалым болгондой, Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы Алыш орто мектебине 5-6 чакырым аралыктан 16 окуучу, Кара-Кужур айыл аймагынын Лахол айылындагы К.Рысмендеев мектебине 12-28 чакырым аралыктан 122 бала, Казан-Куйган айыл аймагындагы Түгөл уулу Усупбек мектебине 22 чакырым аралыктан 13 окуучу БУС жана КАВЗ унаалары менен каттап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×