Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Казакстандагы эл аралык мелдеште Нарындын ардагер хоккейчилери 3-орунду алышты (фото)

Turmush -  Казакстандын Алмата шаарында болгон хоккей боюнча эл аралык мелдеште Нарындан барган ардагер хоккейчилер 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу машыктыруучу Болот Бектемишов билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаарынан барган «Ала-Тоо» командасы байгелүү 3-орунга ээ болушкан. Мелдеште Алмата шаарынын 2 командасы, Семипалатинск жана Нарын шаарынан бирден курама командалар күч сынашкан.

Жыйынтыгында «Ала-Тоо» командасына 3-даражадагы диплом, коло медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 796
Көп окулду
×