Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Ийри-суулук окуучулар грек-рим күрөшү боюнча райондун биринчилигинде алдыңкы орундарды багындырышты (видео, фото)

Turmush -  Нарын районунун Казан-Куйган айылында уландар арасында грек-рим күрөшү боюнча райондун биринчилиги болду. Бул тууралуу машыктыруучу Тынчтык Калыков билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Ийри-Суу айылынан машыгуудан өткөн 20 окуучу барган. Мелдештин жыйынтыгында 32 кг салмакка чейинкилер арасында Санжар Бекмырза уулу, 57 кг салмакка чейинкилер арасында Кылыч уулу Саламат чемпиондук наамга ээ болушту. Ал эми 68 кг салмакка чейинкилер арасында Адилет Султанкул уулу, 26 кг салмактагылар арасында Жакшылык Турсунбек уулу күмүш, ал эми 8 балбан коло медаль тагынышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү айылдагы М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде окушат. Мектептин алдында 2014-жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча ийрим иштеп келет. Учурда ийримде 120 бала машыгат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2216
Көп окулду
×