Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарындын Кызыл-Жылдыз айылында бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилди (видео)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы курулган Султаналиев Шералы атындагы бала бакчанын жаңы имаратынын ачылыш салтанаты болуп өттү. Аймактык кабарчы билдиргендей, ага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Азис Касенов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев, мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Облус жетекчисинин 1-орун басары кызыл тасманы кесип жатып, бала бакчадан тарбия алган балдар өлкөнүн келечегине кызмат кылган эр-азаматтардан болсун деген тилегин айтты. Ал эми, район акими эки камералуу муздаткыч, райондук билим берүү бөлүмү 30 миң сомдук окуу куралдарын тапшырса, айылдын тургундары килем, палас, оюнчук, керектүү белектерди ыроолошту.

Буга чейин бала бакча мектептин эски имаратында иштеп келген. 50 орундуу жаңы имараттын курулушу Дүйнөлүк банктын эсебинен 14 миллион сомго каржыланды. Коомчулуктун салымы 1 миллион 300 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 628
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×