Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Нарын облусуНарын району 19.01.2018 17:57 На русском

Бөрүлүү мезгил: Ийри-Сууда мергенчилер тобу малга кол салган 4 карышкырды атып өлтүрүштү (видео, фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ийри-Суу айылындагы малдарга кол салып жүргөн карышкырлардын тобунан 4 карышкырды жергиликтүү мергенчилер тобу атып өлтүрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчилер тобунун башчысы Жолой Исабеков билдирди.

Анын айтымында, кыш мезгилинен бери Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү 50дөн ашык жылкы, 20дан ашык топоз, 10дон ашык уй жана көптөгөн майда жандыктарды карышкырлар жеп кетишкен.

«Бүгүнкү күндө Аңчылык департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгү тарабынан жапайы карышкырлардын санын азайтуу иши жүрүп жатат. Анын негизинде Чет-Нура, Ийри-Суу жана Эмгекчил айылдарында мергенчилердин топтору түзүлүп, анын башчысы болуп дайындалгам. Чет-Нура айыл өкмөтүндө карышкырлар кыш мезгили башталгандан баштап 50дөн ашык жылкы, 20дан ашык топоз, 10дон ашык уй жана көптөгөн майда жандыктарды жеп кетишти. Жаңы жылдан бери 4 карышкырды айылдыктардын жардамы менен атып өлтүрдүк. 4 карышкырдын бирөө ургаачы, калганы анын бөлтүрүктөрү. Булар үйүр болуп жүрүшкөн, азыр эле айылдан мага чалып, калган экөөнү атышкандыгын билдиришти. Үйүрдө 6 карышкыр болгон.

Бизде карышкырлар көп, үйүр-үйүр болуп жүрүшөт. Аларды атууга атайын айылдан топ түзүлгөн. Топтогу балдар тоодогу карышкырларды кууп түшүрүүдө жардам беришет», - деди Ж.Исабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×