Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 18.01.2018 12:13

Нарындын Куйбышев айылында 100 орундуу бала бакча ачылат

Turmush -  Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылындагы капиталдык оңдоодон өткөн бала бакча бөбөктөргө эшигин ачат. Бул тууралуу директор Махабат Саалаева билдирди.

Анын айтымында, жаштар уюму иштеп келген имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 100 орундуу бала бакчага ылайыкталып жасалды. Балдарга тамак даярдоочу ашканасы өзүнчө жасалып, имараттын ичине суу киргизилди. Имараттын оңдоо иштери «Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк» долбоорунун негизинде 1 миллион 104 миң сомго каржыланды. Айыл аймагынан 115 миң сом кошумча каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×