Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Нарын

Нарында жылдын мыкты милиция кызматкерлери сыйланышты (фото)

Turmush -  16-январда Нарын ОИИБдин имаратында жыл жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Анда 2017-жыл ичинде коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге, «Кесиби боюнча мыкты» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги У.Аалиев тарабынан Нарын ОИИБдин ардак грамотасы жана тасмасы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлык алган кызматкерлердин тизмеси:

- «Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыкчам өкүлү» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын майору Кылычбек уулу Бакыт, Ак-Талаа РИИБдин кириминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү;

- «Криминалдык милиция кызматынын тез чара көрүүчү атайын отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын старшинасы Үсөнбаев Аскер Кубанычбекович, Нарын ОИИБдин кириминалдык милиция кызматынын тез чара көрүүчү атайын отрядынын кенже ыкчам өкүлү;

- «Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын майору Бердигулов Нарынбек Самарович, Жумгал РИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү;

- «Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыкчам өкүлү» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын майору Өмүрзаков Марлен Жоламанович, Нарын ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам өкүлү;

- «Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык мыкты ыйгарымдуу өкүлү» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын лейтенанты Исмаилов Болот Нарынбекович, Нарын ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү;

- «Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүм балдардын иши боюнча мыкты аймактык тескөөчүсү» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын лейтенанты Сагынбаева Тахмина Сагынбаевна, Нарын ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жетпегендердин иши боюнча мыкты аймактык тескөөчүсү;

- «Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн мыкты ыкчам нөөмөткери» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын капитаны Кашкелеңов Рысбек Абамүдүнович, Кочкор РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн ага тескөөчү-нөөмөткери;

- «Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн мыкты милиционери» сынагынын жеңүүчүсү — ага сержанты Идрисов Жаркынбай Жусупбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын Нарын ОИИБи боюнча ЖКККБнын жол көзөмөлдөө кызматы взводунун кенже тескөөчүсү;

- «Криминалистика бөлүктөрүнүн мыкты кызматкери» сынагынын жеңүүчүсү — милициянын капитаны Анарбек уулу Эркин, Нарын ОИИБдин криминалист тобунун тескөөчү эксперти.

Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги У.Аалиев «Кесиби боюнча мыкты» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө ардак грамотала жана тасмаларды тапшырып жатып, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилиги, кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен мамиле кылып, мыкты кызмат өтөгөн кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2800
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×