Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарындын Орток айыл өкмөтүнүн имараты жана маданият үйү оңдолгондон кийин ишке берилди (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орток айыл өкмөтүнүн эски имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин эски имаратта иштеп, калкты тейлөөдө кыйынчылыктар жаралып келген. Өкмөттүн дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен 3,5 млн сом акча каражаты бөлүнүп, айылдык клуб, айыл аймагынын имараты капиталдык оңдоодон өттү.

Имаратка кирүү иш-чарасына Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Касен Азисов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев, райондун мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 512
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×