Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Нарындык И.Көчөрбаев кулатуу эртаймаш ММА боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатында алтын тагынды (видео, фото)

Turmush -  Нарындык Ислам Көчөрбаев кулатуу эртаймаш ММА боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга спортчунун жакындары билдиришти.

Маалым болгондой, И.Көчөрбаев Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан келген атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылып, 57 кг чен бирдикте 1-орунду ээледи. Ал Нарын районундагы Учкун айылында төрөлгөн. Үй-бүлөнүн улуу баласы, эгиздин түгөйү. Эгизи Кореяда билим алса, өзү Нарын медициналык колледжинин дарылоо бөлүмүн аяктап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2077
Көп окулду
×