Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Нарын облусуНарын району 10.01.2018 09:41

Айыл турмушу: Мүнүшкөр А.Исмаилов бүркүттөрүн машыгуудан өткөрүп, Көчмөндөр оюнуна даярданып жатат (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Алыш айылынын 40 жаштагы тургуну Аман Исмаилов мүнүшкөрлүккө кызыгып, аны менен 7-классынан бери алектенип келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыздын билдиргенине караганда, алгач мектепте 7-класста окуп жүргөндө кулаалы багып көргөн.

«Бала кезимден бери мүнүшкөрлүккө кызыгып келем. Алгач 7-классымда өз алдымча бир жылдай кулаалы бактым. Алгач мүнүшкөрлүктүн сырын билбегендиктен ал үйдөгү идиш-аяктарды талкалап салган. Мындан улам аны учуруп жибергем. Андан кийин кызыгуум артып, 20 жашымда бүркүт таптап, 2 жыл бактым. Мында дагы куш таптагандын сырларын билбей, багып жаткан бүркүтүм короодогу итке жана койлорго кол салганынан иним менен тоого чыгып учуруп жибердим. Кийин 8 бүркүт багып таптадым, учурда Оймок аттуу бүркүттү таптап жатам. Иним Нурбек дагы мүнүшкөрлүккө кызыгып, ал дагы бүркүт таптап келет», - деди ал.

Аман мүнүшкөрлүк өнөрдүн аркасы менен таптаган бүркүттөрүн мелдештерге катыштырып келерин билдирди.

«Таптаган бүркүттөрүмдү түлкү, коендорго салам. Азыркы таптап жаткан Оймок аттуу бүркүтүмдү эки жолу карышкыр кармоого салдым, бирок карышкырды алганы менен бутунун тырмактарына залал келтирип алат экен. Ошого байланыштуу карышкырга салбай калдым. Таптаган бүркүттөрүм менен биринчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, 2-орунду камсыздадым. Экинчи көчмөндөр оюндарында иним Нурбек мен таптаган Оймок бүркүтүм менен Кыргызстандын курама командасы менен ойноп келди. Оймок Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгон. Быйылкы өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дагы даярдап катыштырганы жатам», - деди А.Исмаилов.

Ал бүркүт таптоо дагы мээнетти талап кыларын кошумчалады.

«Бүркүт багуу мээнетти талап кылат. Мүнүшкөрлүк менен алектенүү хоббим катары калыптанып калган. Бүркүттөргө таза эт берүү керек, үйдө атайын ал үчүн коендорду багам. Күнүнө эки маал учуруп, табында кармап туруу керек. Жай мезгилинде туристтер менен дагы иштешем», - деди ал.

Каарманыбыз төрт бир тууганы бар экенин жана жубайы менен биргеликте үч кыз, эки уулду тарбиялап жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×