Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Айыл турмушу: Жаа аткан Марат көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн өз алдынча машыгып жатат (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын 18 жаштагы тургуну Марат Нарынбек уулу жаа атуу менен 4 жылдан бери алектенип келет. Ал келечекте Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана эл аралык мелдештерге катышууну көздөөдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаа атуу менен алектенип калганына атасы Нарынбек Абилесов түрткү болгон.

«Жаа атканыма 4 жыл болду. Кичинекей кезимде эле атам салбурунга тайган чыгарып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Салбурунга жаа атуу кошулгандан кийин мен дагы бул спортко кызыгып, өз алдымча машыгып баштадым», - деди ал.

Марат учурда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн тынымсыз машыгып жатат.

«Учурда өз алдымча тынымсыз машыгууларды өткөрүп жатам. Менин максатым — кыргыз жерин дүйнөгө таанытуу, салбурун оюнун кеңейтүү жана жаш муунду улуттук оюндарга кызыктыруу. Ошондой эле эл аралык мелдештерге, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууну максат кылып жатам. Жаа атуу боюнча бир нече мелдештерге катышып, бир топ сыйлыктарды алгам. Бирок тилекке каршы мурунку Көчмөндөр оюндарына катыша албай калгам», - деди ал.

Мараттын ата-энеси чек арачылар. Өзү да алардын жолун жолдоп, мыкты чек арачы болорун белгиледи.

«Ата-энем чек арачылар. Атам Нарынбек Абилесов Баткен согушунун ардагери, чек арада 18 жыл кызмат кылып, эс алууга чыккан. Апам Жылдыз Исмаилова учурда Нарында чек арада байланыш бөлүмүндө кызмат кылып келет. Мен дагы келечекте Мекен коргогон мыкты чек арачылардын катарын толуктасам деп турам», - деди Марат Нарынбек уулу.

Жаш спортчу учурда Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы орто мектебинде 11-класста билим алып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3494
Көп окулду
×