Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Нарын

Нарындын Оттук айылындагы унаа жолду ылай суу каптап жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Нарын районунун Оттук жана Казан-Куйган айылдарынын тургундары Нарын—Бишкек—Торугарт унаа жолунун толугу менен жасалбаганына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Эрлан Токтомуратов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы ички жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөргөн кытайлык ишкана Нарын—Бишкек—Торугарт унаа жолунун Оттук айылынын аймагындагы тоо кыркалардан түшкөн сууларга көпүрөлөрдү же атайын суу агып кете турган тосмолорду жасашкан эмес. Анын кесепетинен жай жана күз мезгилдеринде тоодон түшкөн суулар, сел агындылары, кыян суу жолду каптап кетет.

«Бул жолду курган ишкана көпүрө курууну же тоодон түшкөн суунун агымын унутуп калса керек. Жол куруп жатканда эмнеге мындай учурлар эске алынбайт? Жайды жайлата жана күзүндө нөшөрлөгөн жамгырдан улам жолду ылай суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаратат. Суу жаңы салынган жолду талкалап жатат», - деди ал.

Сүрөттөр күз мезгилинде тартылган

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3305
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×